Дүйнөдөгү эң чоң ат өлдү
Т.К.08-Июл-2021
Дүйнөдөгү эң чоң ат өлдү

Америкада брабансон тукумундагы эң алп ат Чоң Жейк өлдү. Дүйнөдөгү эң чоң жылкы тууралуу National Geographic жазды. Ат Гиннес рекорддор китебине 2010-жылы кирген. Жалынан баштап ченегенде узундугу 210,2 сантиметр, салмагы 1 133 килограммга жеткен. Мындай рекордду 11 жылда эч ким жаңылай алган эмес. Ал фермадагы башка жылкыларга караганда эки эсе көп жеп, бир күндө эки чака дан жана чоң таңгак чөп корогон.Алп атты үч жашында сатып жиберишкен. Мурдагы ээлери ал туулганда эле 109 килограмм болгонун, бул адаттагы кулундардан 45 килограммга чоң экенин айткан. Ошол эле учурда Чоң Жейктин ата-энеси брабансон тукумундагы кадимки эле жылкылар экенин белгилеген.