Панфилов районунда Эр эңиш федерациясынын Президентинин Кубогу болуп өттү
01-Авг-2022
Панфилов районунда Эр эңиш федерациясынын Президентинин Кубогу болуп өттү

29-30-июль күндөрү Панфилов районундагы Эркин-Сай айылында Кыргыз республикасынын Эр эңиш федерациясынын Президентинин Кубогу болуп өттү.  Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан 40 балбан келип ат үстүндө күч сынашты. Мелдешке эр эңиш боюнча спорт чеберлери, эл аралык даражадагы спорт чеберлери, дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү, дүйнөлүк жана Азиянын чемпиондору келип катышты. Мелдеш 5 салмак категорияда өтүп, жеңүүчүлөр кийинки балбандар болушту:

60кг. 1-орун Турдубеков Жекшенбек - Нарын облусу;
2-орун Сагынбеков Акыл- Талас облусу;
3-орун Шакир уулу Азамат- Чүй облусу.

70кг. 1-орун Бузурманкул уулу Калыбек - Чүй облусу;
 2-орун Райхан уулу Бактыгул- Нарын облусу;
3-орун Шайдин уулу Аманбай-Нарын облусу;

80кг. 1-орун  Мунур уулу Амантур - Талас облусу;
2-орун Абдразак уулу Жаныш - Ош облусу;
3-орун Бердибек уулу Ислам- Нарын облусу;

90кг. 1-орун Абдырахманов Турдукул-Ош облусу;
2-орун Ибрагимов Темирбек - Чүй облусу;
3-орун Абдыкадыров Нурсултан - Жалал-Абад облусу.

 90кг.жогорку салмакта.1-орун. Күмүшбек - Талас облусу;
2-орун Абдуллаев Арген - Жалал-Абад облусу;
3 орун Кылысбек уулу Манас -  Жалал-Абад облусу. 

Байгелүү орундарды ээлеген балбандар Кыргыз республикасынын Эр эңиш федерациясынын Президентинин атынан эстелик медаль, диплом, Кубок, чемпиондук кур жана  акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Байге фонду 500,000 сом болду. Андан тышкары абсолюттук салмакта баш байге төө Талас облусунан келген Кыдыралиев Күмүшбек балбанга ыйгарылды. Мелдештин башкы катчысы: Нуржан Суймоналиев.

 

Акылбек Муктар