Бүгүн президенттин катышуусунда Кыргызстан – КМШ ардагерлеринин футболдук беттеши өтөт
30-Авг-2022
Бүгүн президенттин катышуусунда Кыргызстан – КМШ ардагерлеринин футболдук беттеши өтөт

 Бүгүн, 30-аввгустта Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин футболдук беттеши өтөт. Кыргызстандын курама командасынын катарында президент Садыр Жапаров да ойнойт. 

Өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш 30-августта борбор калаадагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.
Иш-чара саат 18:00дө концерттик программа менен коштолуп, футболдук беттеш саат 20:00дө башталат.

Түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Кирүү акысыз.