Кыргызстандын волейболчулары "Азия чакырыгы" кубогунда жеңүүчү болду
05-Сен-2022
Кыргызстандын волейболчулары

Чолпон-Ата шаарында эркектер арасында "Азия чакырыгы" кубогунун финалдык беттеши жыйынтыкталды.
Анда Кыргызстан курама командасы Сауд Аравиянын волейболчуларын 3:2 эсебинде утту. Оюндун жүрүшүндө Сауд Аравия алгачкы эки партияда алдыда келе жаткан. Кийинки үч партия Кыргызстандын оюнчулары катары менен утуп (29-31, 20-25, 25:23, 25:22, 15:11) жеңишке жетишти. Ал эми үчүнчү орун үчүн Монголия жана Өзбекстан командалары кез келген.
Жыйынтыгында 3:2 эсебинде Өзбекстан курама командасы жеңишке жетишип үчүнчү орунду камсыз кылды.
Белгилей кетсек, аталган мелдешке жалпы төрт (Кыргызстан, Өзбекстан, Монголия, Сауд Аравия) мамлекеттин спортчулары катышкан.