САЛЫКТЫ ӨЗ УБАГЫНДА ТӨЛӨБӨГӨНДӨРГӨ АЙЫП САЛЫНАТ
09-Сен-2022

Буга чейин эскертилгендей, транспорт, турак үй жана үй жанындагы жер тилкесине салыкты төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктады. Өз убагында төлөп үлгүрбөгөндөр - жеке жактар 1000 сом, юридикалык тараптар 5000 сом өлчөмүндө айып төлөөгө милдеттүү. Кечиктирилген төлөмдөр боюнча мамлекеттик салык кызматы рейд жүргүзө баштады.