Бүгүн Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында күчүн сынай баштайт
13-Сен-2022
Бүгүн Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында күчүн сынай баштайт

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы бүгүн, 13-сентябрда Сербиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күрөшөт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жазылат. Айпери Медет кызы 76 кг салмакта күрөшөт. Ал мелдештин 1/8 финалында кытайлык Жуан Ванг менен литвалык Камиле Гаучайтенин жеңүүчүсү менен кармашат. Чемпионаттын тандоо туру Бишкек убактысы менен саат 14:30да башталат. Мындан сыртары, бүгүн Жоламан Шаршенбеков алтын үчүн, Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн килемге чыгат. Алардын кармашуусу Бишкек убактысы менен саат 22:00дө башталат. Эскерте кетсек, Кыргызстандын куржунунда учурда эки медаль бар: грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг) алтын жана Амантур Исмаилов (67 кг) коло уткан.