Садыр Жапаров: "Намыска жарадың Жоламан баатыр!"
14-Сен-2022
Садыр Жапаров:

Президент Садыр Жапаров Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан Жоламан Шаршенбековду жеңиши менен куттуктады.
"Кыргыздын баатырлык сапатын дагы бир жолу даңазалап, күйөрмандарың үчүн да, жалпы кыргыз эли үчүн да эң мыкты кармаш көрсөттүң.
Силердей спорттун чеберлеринин ар бир мындай жогорку жеңиши артыңарда өсүп келе жаткан жаш балбандар үчүн да чоң шыктандыруучу мааниге ээ. Сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик ар дайым жылмайып турушун каалайм! Чоң спортто сен багынта турган мындан да чоң жетишкендиктерге кыргыз эли менен чогуу күбө бололу!" - деди Президент.