Дүйнө чемпионаты: Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашына бир упайга жеңилип калды
14-Сен-2022
Дүйнө чемпионаты: Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашына бир упайга жеңилип калды

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашына жеңилип калды. Жуманазарованын алгачкы атаандашы канадалык Линда Морайс болуп, экөө мелдештин 1/8 финалында 68 кг салмакта күрөштү. Мээримдин аракетине карабай канадалык спортчу 6:5 эсебинде жеңишти илип кетти. Эгер Линда Морайс финалга чыга турган болсо, анда Жуманазарова көңүл жубатуучу кармашка чыгат. Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүп жатат. Ал мелдешке Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.