ТАЗА СУУ МАСЕЛЕСИ ЧЕЧИЛҮҮДӨ
15-Сен-2022

Кыргызстан суунун башында турганы менен айыл жергелеринде таза суу маселеси көйгөй жаратып келет. Ысык-Көл облусунун айрым жашоочулары да таза суу таңкыстыгын тартып келишет. Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин “Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында элет жериндеги ичүүчү суу маселеси чечилип жатат.