Спорт

Бекзат Алмаз уулу дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду
24-10-2022
15-октябрда Испаниянын Понтеведра шаарында өткөн дүйнө чемпионатында Кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу 23 жашка чейинкилер арасында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Көк бөрү боюнча өлкө чемпионаты  Таласта өтөт
20-10-2022
Жаштар жана чоңдор арасында көк бөрү боюнча өлкөнүн чемпионаты Таласта өтөрүн Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Бишкекте 500гө жакын спортчунун катышуусунда парамарафону өттү
17-10-2022
Бишкекте майыптыгы бар жарандар арасында "Чектөөсүз спорт" аталышындагы парамарафон болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Азия чемпионатында күмүш утту
17-10-2022
Кыргызстандык спортчу Бекдөөлөт Расулбеков 5-15-октябрь аралыгында Бахрейнде өткөн Азия чемпионатында оор атлетика боюнча күмүш медаль утту. Бул тууралуу спортчу билдирди.
Кыргызстандык таэквондочулар Дүйнө  кубогунда 18 алтын медаль жеңди
06-10-2022
Кыргызстандык спортчулар таэквондо GTF боюнча Дүйнө кубогунда 18 алтын медаль багындырды. Бул тууралуу Кыргызстандын таэквондо GTF федерациясынан билдиришти.
Жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште бишкектик спортчулар байгелүү орун...
05-10-2022
Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада Олимпиада оюндарынын чемпиону Мария Пинигинанын - Кулчунованын байгеси үчүн 15 жашка чейинкилер арасындагы жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеш өттү.
Байсалов: Кыргыз күрөшүнүн тарыхында жаңы барак ачылды
15-09-2022
Спортчуларыбыздын Белграддагы жеңиши менен кыргыз күрөшүнүн тарыхында жаңы барак ачылды. Бул тууралуу Белград шаарында (Сербия Республикасы) өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрүн салтанаттуу тосуп алуу аземинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Эрназар Акматалиев килемге чыгат
15-09-2022
Бүгүн, 15-сентябрда кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Сербиядагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күрөшө баштайт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.
Дүйнө чемпионаты: Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашына бир упайга жеңили...
14-09-2022
Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашына жеңилип калды. Жуманазарованын алгачкы атаандашы канадалык Линда Морайс болуп, экөө мелдештин 1/8 финалында 68 кг салмакта күрөштү.
Садыр Жапаров:
14-09-2022
Президент Садыр Жапаров Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан Жоламан Шаршенбековду жеңиши менен куттуктады.
Бүгүн Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында күчүн сынай баштайт
13-09-2022
Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы бүгүн, 13-сентябрда Сербиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күрөшөт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жазылат.
Жапаров дүйнө чемпиону болгон Махмудовду куттуктады
12-09-2022
“Азаматсың Акжол баатыр! Кыргыз элине эле эмес, жалпы эле күрөш сүйүүчүлөргө кызыктуу күрөш тартуулап, таза жеңишке жетиштиң. Кыргыз эли маңдайы жарыла сүйүнүп, кубанычында чек жок. Бардыгы алкап, олимпиада алтынын күтүп жатканы жашыруун эмес. Сенин да чоң спорттогу башкы максатың ошол болсо керек. Андыктан сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик каалайм! Бар бол, баатыр!” - деп куттуктады Президе...