Марат Алышпаев акыркы сапарга узатылды
Т.К.05-Апр-2022
Марат Алышпаев акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 5-апрелде Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр корифейи, залкар талант Марат Алышпаев өзү иштеп келген Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма тетарында узатылды.Ага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук- маданий ишмерлер, туугандары жана кесиптештери катышты.Марат Алышпаев 1947-жылы Ысык-көл облусунун Жети- Өгүз районуна караштуу Саруу айылында жарык дүйнөгө келген. 1972-жылы Луначарский атындагы Москва театр искусство институтун аяктап, ошол эле жылы өзү окуган курсу менен бирге С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрын түптөшкөн.Актёр Ч.Айтматовдун «Ак кемесиндеги» Момун чалдын, Н. Гоголдун чыгармаларындагы баш каарманды, андан кийин Шекспирдин Гамлетин ойногон. 33 жашында Ричард IIIтү жогорку деңгээлде ойногон.Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына ишке келип, улуттук театрдын репертуарындагы Ч.Айтматов “Чыңгызхандын ак булуту” спектаклинде Чыңгызхандын, К.Сактанов, Т.Касымбековдун “Курманжандатка” спектаклинде Алымбек датканын, Ф.Дюрренматт “Картаң айымдын келиши” спектаклинде Альфред Иллдин У.Шекспирдин “Макбет” спектаклинде Дункан падышанын, С.Раевдин “Исхак Раззаков” спектаклинде Раззаковдун жана башка көптөгөн спектаклдерде эң мыкты образдарды жаратып келген.  Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр корифейи, залкар талант Марат Алышпаев 2022-жылдын 4-апрелинде 75 жашында дүйнө салды.Маркумдун сөөгү “Ала - Арча” көрүстөнүнө коюулду.