Александр Настаев Жарандык авиациялык мамлекеттик агенттигинин директорунун милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды
Т.К.21-Май-2022
Александр Настаев Жарандык авиациялык мамлекеттик агенттигинин директорунун милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.  Президенттин Жарлыгына ылайык Настаев Александр Иванович Жарандык авиациялык мамлекеттик агенттигинин директорунун милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Жарандык авиация жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну,  авиациянын уюмдарынын ишин мамлекеттик жөнгө салуунун, контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу,  экономиканын жана калктын жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктөрдү жана почтаны аба аркылуу ташууга муктаждыктарын канааттандырууга көмөк көрсөтүү, авиациялык атайын иштерди жана жарандык авиация жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүн камсыз кылуу тууралуу Жарлыкта жазылган.