Айымкан Жаманкулованын өрнөктүү өмүрү кийинки муундарга үлгү болмокчу!
Т.К.15-Июл-2021
Айымкан Жаманкулованын  өрнөктүү өмүрү кийинки муундарга үлгү болмокчу!

“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин”-демекчи, биз бүгүн өлкөнүн өнүгүүсүнө маданият тармагында өзүнүн өзгөчө салымын кошкон иштерман  инсан, жакында эле акка моюн сунуп түбөлүк жайына узап кеткен  маркум апабыз Айымкан Жаманкулова тууралуу азын-оолак  кеп кылмакчыбыз. Айымкан Кенжеевна көп кырдуу таланттын ээси катары өзүнүн артына өлбөс-өспөс эмгектерин калтырып кетти. Чыгармачылыктын чыйыр жолунда тынымсыз эмгектенип “Рахманкул хан жана анын мезгили”, “Сырын каткан алтын така”, “Жер энеси-Зууракан” аталышындагы китептерди жарыкка чыгарып окурмандарга тартуулаган. Кыргызстанда алгачкылардан болуп “Адеп башаты апада” аттуу долбоордун негизинде жалпы Сокулук району боюнча 300 чыгармачыл айымды конкурска даярдап филармонияда кеңири программадагы  концерт өткөргөн. КТРК тарабынан уюштурулган “Шайыр апалар” долбоорунда комиссиянын төрайымы катары алгылыктуу иш алып баргандыгын да баса белгилеп кетмекчибиз. Улуттун сыймыгына айланган каарманыбыз кичи мекени Ала-Бука районунун Жапасалды айылындагы мектепте өзүнүн атындагы тарыхый этнографиялык  край таануу музейин ишке киргизген.. Буга чейин ал жетектеген, курамында жалаң тажрыйбалуу музыканттар эмгектенген  “Аксаамай” фольклордук улуттук оркестри чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн конкурстарда алдыңкы орундарга ээ болушуп кыргыздын атын кыйырга таанытышкан. Иш дегенде ичкен ашын жерге койгон Айымкан Кенжеевна иштин кызыкчылыгы үчүн кээде өзүнүн иш бөлмөсүнө түнөп каларын айтып калчу эле. Бүгүнкү күндө автордун сокулуктук мекендештерибиздин гимнине айланган “Сокулук соолбос булагым” аттуу ыры менен айрым иш-чаралар жыйынтыкталарына өзүм дагы далай жолу күбө болгом. Дегеле райондо өткөрүлгөн ар түрдүү иш-чараларда анын калдайган карааны эле баарыбызга бир топ дем-күч берип турарын кадимкидей сезчүмүн. Аттиң ай... Эми баарыбыз үчүн орду толгус оор жоготуу болуп кабыргабыз кайышып турат.Эгер ал арабызда бар болгондо дагы далай иштерди жасайт эле... Ал өзү менен кошо акыретке бир топ руханий казынаны ала кетти! Чындыгында  тирүүлөй энциклопедиядан түбөлүккө ажырадык... Анын өрнөктүү өмүрү кийинки муундарга үлгү болмокчу! Элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп “Элдик Эне” наамына татыган  эзил кайран энебиздин жаткан жери жайлуу  болсун! Кылымда бир жаралган мындай асыл инсандын жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө бекем сакталат!..                                                         Нурлан    ИСАМАТОВ