Республикалык төкмө акындар айтышынын жеңүүчүсү Кубат Тукешов болду
10-Ноя-2022
Республикалык төкмө акындар айтышынын жеңүүчүсү Кубат Тукешов болду

Бишкекте Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, обончу, комузчу, кыл кыякчы Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата “Айтыш - 2022” республикалык төкмө акындар айтышы жыйынтыкталды.
Баш байгени Кубат Тукешов, 1-орунду Баян Акматов,2-орунду Асылбек Маратов, 3-орунду Сапарбек Зулпуев ээледи. Калган катышкан төкмө акындарга кызыктыруучу акчалай сыйлыктар берилип, ошондой эле бардык акындарга жана калыстар тобунун мүчөлөрүнө Токтосун Тыныбеков атындагы төш белги тапшырылды.
Аталган айтыш Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры, Республикалык “Айтыш” коомдук фонду, Токтосун Тыныбеков атындагы коомдук фондунун уюштуруусунда өтүп, президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгынын алкагында ишке ашты.