Эмилбек Балтагулов Жалал-Абад облустук филармониясынын директору болуп дайындалды
15-Ноя-2022
Эмилбек Балтагулов Жалал-Абад облустук филармониясынын директору болуп дайындалды

Ырчы Эмилбек Балтагулов Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койду.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы директорду Жалал-Абад облустук филармониянын жамаатына министрдин орун басары Түмөнбай Колдошев тааныштырды.
Белгилей кетсек, Балтагулов буга чейин Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын директору болуп иштеп келген.