Эркиндик бульварында Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги орнотулат
21-Ноя-2022
Эркиндик бульварында Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги орнотулат

Бишкек шаарындагы Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишине кыргыз жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги орнотула турган жашыл зона тосулуп, эстеликти орнотууга даярдалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, 23-июлда президенттин катышуусунда Ысык-Көл облусунда чыгаан жазуучу, коомдук ишмер, Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгынын урматына арналган салтанаттуу иш-чара өткөн.