Төө-Ашуу ашуусунда жүк ташуучу унаалар үчүн жол ачылды
21-Ноя-2022
Төө-Ашуу ашуусунда жүк ташуучу унаалар үчүн жол ачылды

Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирет.

Маалыматка ылайык, азыр ашууну кардан тазалап, тайгалакка каршы инерттүү заттарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө.

Алдыдагы аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштыруу сунушталат.