Кадамжайда тамакка ууланган беш адам ооруканага түштү
24-Ноя-2022
Кадамжайда тамакка ууланган беш адам ооруканага түштү

Баткен облусунун Кадамжай районунда тамак-аштан беш адам ууланган учур катталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө караганда, адамдар 21-ноябрда саат 13:00дөр чамасында тамакка ууланып, кийинки күнү медициналык жардам алууга кайрылган. Бейтаптар Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

“Үч жабырлануучунун абалы өтө оор деп бааланууда, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатышат. Экөөнүн абалы оор. Учурда бардык керектүү дарылануудан өтүшүүдө. Бардык жабырлануучулардан лабораториялык изилдөө үчүн клиникалык материалдар алынды”, - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала эпидемиологиялык иликтөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, жогоруда аталган жабырлануучулардын бардыгы 21-ноябрда саат 13:00дө жумуш ордунда түшкү тамактануу учурунда үй шартында жасалган жашылча консервалары менен тамактанышкан.